Биз менен байланышыңыз

Президент «Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө» мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 512 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам ушул жылдын 20-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзам менен Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагынын Жети-Кошкон, Беш-Бадам жана Базар-Коргон айылдарынын, Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1-2, Бабур-1-2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын, ошондой эле Кеңеш айыл аймагынын Совет, Аук айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштарынын чегинде Базар-Коргон айыл аймагынын базасында административдик-аймактык бирдик катары Базар-Коргон шаарын түзүү сунушталууда.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM