Эгер конституциялык реформа жүрүп, прокуратурага тергөө жүргүзүү укугу берилсе, анда Дача-СУ, Түштүк-Түндүк альтернативдик жолу, Ысык-Көлдөгү ат майдан, Датка-Кемин электр чубалгысы жана башка он чакты тергөөсү аяктабаган жазык иштери жыйынтыкталат.
Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-февралда маалымат жыйыны учурунда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Конституциялык реформанын жыйынтыгы менен прокуратура тергөө жүргүзүүгө укук алары күтүлүүдө.
2017-жылы 16-январда Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-СУ айылында «Боинг-747» жүк ташуучу учактын кыйрашынын кесепетинен ондогон жарандар, алардын ичинде жаш балдар курман болгон.