Биз менен байланышыңыз

7-февралда мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Кыска кабар | 6 Фев 2021 | 483 | 0
Автор: Айпери Жумабай кызы

Кыргызгидромет билдиргендей, 7-февралда өлкө аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөшү ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16;

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…+3.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11;

Бишкектте түнкүсүн күн ачык болуп, күндүз жаан-чачын күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +9…+11.

Copyright © 2017 Maral FM