Биз менен байланышыңыз

Мушкер Флойд Мейвезер репер «50 Cent» менен мушташкысы келет

Америкалык мушкер Флойд Мейвезер «50 Cent» каймана аты менен белгилүү болгон америкалык рэпер Кертис Жексон менен мушташууга даяр экенин билдирди. Мындай маалыматты мушкер социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Мейвезер менен «50 Cent» мурда биргелешип ишкердик жүргүзүп келишкен. Кийин экөө эки башка жолго түшүп, аёосуз каршылашка айланган.

Мушкер жеке баракчасына:

«Быйыл мен бир нече шоу-мушташка көңүл бурам. Алгач Токиодо беттешим болот. Анан албетте, блогер Логан Пол менен мушташууга даярмын. Эгер Жейк Пол (Логан Полдун бир тууганы) атаандашы Бен Аскренди жеңсе, аны менен да мушташ уюштурам. Ошондой эле «50 Centтин» да мени менен беттешкиси келип жүргөнүн уккам. Ал мени арык дептир. Булардын салмак категориясына маани бербейм, мага баары бир. Бир туугандар Логан Пол менен Жейк Пол турнирлерде чоң акча табышы мүмкүн. Бирок «50 Cent» менен болгон мушташым «жеңүүчү баарын алат» деген эреже менен өтүшүн талап кылам», — деп жазды.

Мейвезер 20-февралда Логан Пол менен рингге чыгышы керек болчу, бирок беттеш кийинкиге калтырылган. Ал акыркы беттешин 2017-жылы август айында өткөрүп, ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду бокстун ыкмасына салып жеңип алган. Ал жеңилбес мушкерлердин катарына кирет. 43 жаштагы америкалык боксчу 50 жеңишке ээ, анын 27син нокаут менен уткан.

Copyright © 2017 Maral FM