Биз менен байланышыңыз

Леди Гага менен 94 жаштагы поп-музыкант Тони Беннетт жаңы альбом жаздырышты

Америкалык ырчы Леди Гага легендарлуу поп-музыкант Тони Беннет менен биргеликте музыкалык альбом жаздырды. Мындай маалыматты жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Өзгөчө үнгө жана стилге ээ ырчы Леди Гага 2018-жылы Нью-Йорктогу «Electric Lady» студиясында поп-музыкант Тони Беннетт экөөнүн жаңы альбомун жаздыруу ишин баштаганда, 94 жаштагы музыкант Альцгеймер менен ооруй турганы белгилүү болгон. Бирок карыя музыканттын жардамчылары анын дартын жашырууга аракет кылышкан. Ошого карабастан Леди Гага кызматташуусун 2021-жылдын башына чейин улантып, Беннеттти ар дайым кубаттап турган.

Иштөө учурунан тартылып алынган айрым видеолордон баамдаганыбыздай, Тони Беннетт өтө аз сүйлөп, кээде сөзүнөн адашып, айрым учурларда түшүнбөй калып жаткан. Мындай учурда Леди Гага кыска жана жөнөкөй сөз менен айтып түшүндүрүүгө аракет жасаган.

Бул алардын 2014-жылы жарыкка чыккан «Чекеден жаакка» альбомунун уландысы болуп саналат. Жаздырылган ырлар топтомун 2021-жылдын жаз айларында сатыкка чыгарууну пландап жатышканы маалым болду.

Copyright © 2017 Maral FM