Биз менен байланышыңыз

Красноярск-Ош чартердик аба каттамы ачылды

Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 776 | 0

Красноярск-Ош-Красноярск чартердик аба каттамы ишке кирди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты.

23-январь күнү Орусиянын Красноярск шаарынан учуп келген «Икар» авиакомпаниясынын алгачкы учагы «Ош» эл аралык аэропортуна конгон.

Алгачкы каттамда Ошко 125 жүргүнчү учуп келип, Красноярск шаарына 189 адам учуп кеткен.

Жаңы ачылган чартердик каттам жумасына бир жолу — ишемби күндөрү учат.

Copyright © 2017 Maral FM