Биз менен байланышыңыз

Орусияда нааразычылык акциялары өтүп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2021 | 1121 | 0

Бүгүн, 23-январда Орусияда Алексей Навальныйды жана башка саясий туткундарды колдогон нааразычылык акциялары өтүп жатат. Буга Германияда дарыланып, Орусияга кайтып келген оппозиционердин камакка алынышы себеп болгон.

Пикет, митинг жана нааразычылык акциялары Орусиянын 40тан ашуун шаарында өтүүдө. Бул тууралуу Telegramдагы «Команда Навального» каналы билдирди. Каналдын редакциясы нааразычылык акциялары өтүп жаткан шаарлардын тизмесин улам жаңылоодо.

«Navalny Live» YouTube каналы: «Навальныйды колдогон акция өткөрөт. Москва убактысы боюнча саат 10:00дөн кечки саат 22: 00гө чейин биздин команда нааразычылык билдирүүлөрүн Орусиянын бардык аймактарында түз эфирде көрсөтөт», — деген билдирүү тараткан.

Митинг башталардан бир аз мурун Москванын Пушкин аянтында «Мен коркпойм» деген жазуусу бар плакат көтөрүп жүргөн жаран кармалып, жергиликтүү полиция бөлүмүнө жеткирилди.

Жума күнү кечинде Москвадагы Пушкин аянты дээрлик курчоого алынган, айланасына тосмо орнотулуп, куралдуу полиция унаалары менен жайгаштырылган. «Москва» мейманканасынын жанына да полициянын унаалары топтолду.

Copyright © 2017 Maral FM