Маданият, маалымат жана туризм министрлиги балдар адабияты боюнча сынак жарыялайт.
Сынакка мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы балдар үчүн кыргыз тилиндеги чыгармалар бир топ номинациялар менен кабыл алынат:
— балдарга арналган мыкты чыгармалар үчүн (китеп);
-балдардын мыкты жарыяланган прозалык чыгармасы үчүн (китеп);
— балдар адабиятынын чыгармаларын кыргыз тилине мыкты которгону үчүн;
Сынакка чыгармалар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлөт.
Чыгармалар басмаканалык шрифт менен басылган түрдө алты нускадан кем эмес санда берилет.
Материалдар 2020-жылдын 20-декабрынан баштап 2021-жылдын 1-мартына чейин, иш күндөрү саат 09:00дөн 17:00гө чейин министрликтин маданиятты, искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан кабыл алынат.
Сыйлыктар 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө тапшырылат.