Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаровдун ант берүү аземи 28-январда өтөт

Кыска кабар | 21 Янв 2021 | 469 | 0

Президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун ант берүү аземи 28-январда өтөт. Бул тууралуу «Маралга» президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек кабарлады.

Учурда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун тийиштүү Жарлыкка кол коеру күтүлүүдө.

Инаугурация аземи Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Уюштуруу комитети түзүлүп, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен даярдык көрүлөт.

1 млн сомдук шайлоо күрөөсү жети талапкерге кайтарылат (тизме)

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, 79,20 пайыз же 1 млн 105 миң 248 добуш алган Садыр Жапаров президент болуп шайланды.

Шайлоого 17 талапкер катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM