Биз менен байланышыңыз

1 млн сомдук шайлоо күрөөсү жети талапкерге кайтарылат (тизме)

Кыска кабар | 21 Янв 2021 | 991 | 0

Президенттик шайлоодогу добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясы жети талапкерге 1 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн кайтарып берет.

БШКнын депозиттик эсебиндеги 18 миллион сомдук шайлоо күрөөсүнүн 7 миллион сому кайтарылып берилиши шарт.

БШК референдумду өттү деп тааныды

Шайлоо күрөөсү добуш берүүдө 1 % дан кем эмес добуш алган төмөнкү талапкерлерге кайтарылып берилет:

-Садыр Жапаров – 79,20%

-Арстанбек Мыктыбек — 1,69%

-Клара Сооронкулова — 1,00%

-Имамидин Ташов — 1,17%

-Абдил Сегизбаев — 1,46%

-Адахан Мадумаров — 6,79%

-Бабур Төлбаев — 2,36%.

Калган 10 талапкер 1% дан кем добуш алышкан.

  1. Канатбек Исаев – 0,57%
  2. Аймен Касенов – 0,9%
  3. Улукбек Кочкоров – 0,67%
  4. Женишбек Байгуттиев – 0,1%
  5. Элдар Абакиров – 0,5%
  6. Курсан Асанов – 0,5%
  7. Арстанбек Абдылдаев – 0,08%
  8. Равшан Жээнбеков – 0,2%
  9. Бактыбек Калмаматов – 0,5%
  10. Каныбек Иманалиев – 0,18%.

Ал эми талапкер Рашид Тагаев шайлоого катышуудан баш тарткандыгы жана календардык планда каралган мөөнөттү кайтарып берүүгө үлгүрбөгөндүгү үчүн күрөөсү кайтарылбайт.

Шайлоо күрөөсү президенттикке талапкерлердин акыркы финансылык отчету берилгенден кийин кайтарылып берилет.

Садыр Жапаров президенттик шайлоодо жеңгени расмий жарыяланды

Ошондой эле Конституциялык мыйзамдын жана БШКнын токтомдорунун жоболорунун негизинде 3 млн сом төмөнкүлөргө кайтарып берилди:

Кубан Чороевге — 25.12.2020-жылы 1 млн сом, президенттин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тарткандыгына байланыштуу;

Кубанычбек Токтосуновго — 15.12.2020-жылы 1 млн сом, президенттин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тарткандыгына байланыштуу;

Кубанычбек Исабековго — 11.12.2020-жылы 1 млн сом, талапкердин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу.

Copyright © 2017 Maral FM