Биз менен байланышыңыз

БШК референдумду өттү деп тааныды

Кыска кабар | 21 Янв 2021 | 457 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январда Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду өттү деп тааныды.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоо укугуна 3 млн 563 миң 574 жаран ээ болсо, 1 млн 394 миң 218 адам добуш берген.

Ал жалпы шайлоочулардын 39,12%ын түзөт. Анын ичинен президенттик башкарууга 1 млн 136 миң 155 адам (81,49%), парламенттик башкарууга 152 миң 81 адам (10,91%) жана бардык варианттарга каршыга 62 миң 265 адам (4,47%) добушун берген.

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун да расмий жыйынтыгын чыгарды.

Шайлоого катышкан 17 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 79,20 пайыз (1 105 248 добуш) добушун алган Садыр Жапаров президент болуп шайланды. Президенттикке 17 талапкер ат салышкан.

Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөрү буга чейин маалым болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM