Орусия Кыргызстанга COVID-19 коронавирус инфекциясын лабораториялык диагностикалоого 20 миң изилдөө жүргүзүү үчүн реагенттерди жиберди. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.
15-январь күнү гуманитардык жүк Кыргызстанга жиберилген. Аны Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаменти кабыл алды.