Биз менен байланышыңыз

19-январда күндүз көпчүлүк аймакта кар жаайт

Кыска кабар | 18 Янв 2021 | 353 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 19-январда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Нарын, Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунун айрым дыйканчылык аймактарында, тоо этектеринде кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;

Талас облусунда: түнкүсүн -3…-8, күндүз +7…+12;

Баткен облусунда: түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14;

Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14;

Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8;

Нарын жергесинде: түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…-8.

Бишкек шаарында 19-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +9…+11 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM