Кыргызстанда расмий маалымат боюнча 8 млн кой-эчки жана уй бар. Бул тууралуу маалымат жыйында «Кыргызленд» экспортчулар жана импортчулар ассоциациясынын президенти Ленара Ниязбекова кабарлады.
Расмий эмес маалымат боюнча кой-эчки менен уйдун саны 11 миллиондун тегереги, маселен, кой-эчкинин саны 9 млн, ал эми уйдун саны 2 млн.
Ниязбекованын айтымында, Кыргызстан негизинен картошка, сарымсак, пияз, ошондой эле мал экспорттойт.
Өзбекстанга 2019-жылдын күз айынан 2020-жылдын аягына чейин 3% кой-эчки жана 2% уй экспорттолгон.