Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Бабанов менен Атамбаев бийликти басып алууну көздөгөн

Кыска кабар | 15 Янв 2021 | 1144 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев саясатчы Өмүрбек Бабанов менен былтыркы жылдын 9-октябрынан бери жолуга электигин айтты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ташиев Октябрь окуялары учурунда Өмүрбек Бабанов менен Алмазбек Атамбаев жана башкалар Бишкектин борбордук аянтындагы митингде бийликти басып алуу үчүн келишкенин айтты.

— Бабанов калп айтып, коомчулуктун башын айлантпасын. Биз аны менен Октябрдагы башаламандыктардан кийин (09.10.2020) жолугушкан эмеспиз. Руслан Казакбаев Бабанов экөөбүздүн жолукпаганыбызды тастыктай алат. Дагы бир жолу айтам, Бабанов менен Атамбаев жана башкалар борбордук аянтка бийликти басып алуу үчүн келишкен. Биз ошондогу митингде чагым уютургандардын баарын аныктап, чара көрөбүз.

Бабанов президенттик шайлоодо Садыр Жапаровду колдойт

Мурдагы премьер-министр, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бабанов быйыл 9-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берип чыкты.

УКМК Бабанов сотко чейинки териштирүү жүрүп жаткан бир нече иште фигурант катары өтөрүн билдирген.

УКМК: Өмүрбек Бабанов суракка чакырылды

Өмүрбек Бабанов Kaktus.media агенттигине маек куруп, 2020-жылдын 13-октябрында Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен жолугушканын айтты. Ошол эле күнү экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканын, бул өзүнүн демилгеси экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM