Биз менен байланышыңыз

Бабанов президенттик шайлоодо Садыр Жапаровду колдойт

Кыска кабар | 6 Ноя 2020 | 1059 | 0

Саясатчы Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо талапкерлигин койбосун, Садыр Жапаровду колдой турганын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Садыр Нургожоевич менен жолуктум. Өлкөбүздү өнүктүрүүгө керек болгон терең маселелерди ачык талкууладык. Өлкөбүз эркиндикти туу тутуп, демократиянын нугунда гана тез өнүгө аларына окшош пикирде экендигибизди көрдүм. Садыр Нургожоевич мурдагы башкаруучулардын каталарын кайталабасын, олуттуу өзгөрүүлөргө даяр экендигин көрдүм», — деп айтылат билдирүүдө.

Бабанов Жапаров менен Конституциялык реформа тууралуу да сүйлөшкөнүн, бийлик бутактарында тең салмактуулукту түзүү керектигин айтат.

«Мени колдоп келген бардык адамдарга, тилектештериме ыраазычылык билдирем! Партиялаштарым менен акылдашып, Кыргызстандын Президентинин кызматына өз талапкерлигимди алып чыкпоону чечтим. Садыр Нургожоевичтин талапкерлигин колдоону чечтим».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM