Биз менен байланышыңыз

12-январда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт

Кыска кабар | 11 Янв 2021 | 411 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 12-январда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун айрым тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө: түнкүсүн -4…-9, күндүз +9…+14;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында: түнкүсүн -4…-9, күндүз +6…+11;

Ысык-Көлдө: түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда: түнкүсүн -21…-26, күндүз -7…-12 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн -4…-6, күндүз +9…+11.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM