Биз менен байланышыңыз

Алматыда митингдин катышуучуларын полиция кармап кетүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2021 | 967 | 0

Алматыда полиция «Республика» аянтына жакын жерде кеминде 31 адам укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу «centralasian.org» сайты билдирди.

Бүгүн, 10-январда парламент жана маслихат депутаттарын шайлоо күнү бир нече оппозициялык топ нааразычылык акциясына чыгышты. Алар шайлоону жокко чыгарууга үндөп жатышат.

Учурда активист Жанболат Мамай баштаган топ Алматы шаарында Сатпаев көчөсү менен Назарбаев проспектисинин кесилишинде ИИМдин атайын бөлүгүнүн курчоосунда турушат. Алар «Oyan, Qazaqstan» кыймылынын активисттери экени айтылууда.

Аянтта мобилдик интернет байланышы үзүлдү. «Эгемендүүлүк» монументине жанаша аймак курчоого алынып, ал жерде «оңдоо иштери жүрүп жатат» деген жазуусу бар баннер илинди. Айланасында полиция унаалары токтоп турат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев нааразычылыкка чыккандарга каршы репрессиялык чаралар көрүлбөй турганын, укук коргоо органдары мыйзамдарга ылайык иш алып барарын билдирди .

Саат 16:00гө карата шайлоочулардын 52,5%ы добуш берди.

Эске салсак, бүгүн Казакстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM