Биз менен байланышыңыз

БШК: Шайлоо тилкесинен тышкары жерде добуш берүүгө 21 миң кайрылуу түштү

Кыска кабар | 8 Янв 2021 | 664 | 0

Эртең, 9-январда Кыргызстанда шайлоо участокторунан тышкары добуш берүү башталат. Шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 21 миң 360 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү күнүнө бир күн калганда добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

Добуш берүү эртең мененки саат 8.00дөн кечки 20.00гө чейин гана жүргүзүлүп, шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүү жазылган арыздын негизинде гана жүргүзүлөт.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо ушул жылдын 10-январында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM