Биз менен байланышыңыз

Чүйдөгү колледждин бош турган имараты интернаттын бүтүрүүчүлөрү үчүн жатакана болот

Кыска кабар | 6 Янв 2021 | 514 | 0

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Чүй райондук балдар чыгармачылык борборунун иши менен таанышты, анда 19 ийримде 700дөн ашуун бала тарбияланат.

Сурабалдиева ошондой эле Токмок агро өнөр жай колледжинин бош турган имараттарын кыдырды.

Колледждин бир имаратын интернат мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн жатакана катары кайрадан түзүп чыгуу, ал эми экинчисин балдар билим берүү борборуна берүү пландаштырылууда.

«Биз үчүн негизгиси – имараттар жөн гана бош турбастан, жакшы максатта кызмат кылуусу керек. Ал медицина, билим берүү, социалдык тармактын кызматкерлери, же балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн турак-жай, же билим берүү борбору катары пайдаланылышы мүмкүн. Бул маселелерди иштеп чыгуу зарыл», — деп белгиледи Элвира Сурабалдиева.

Ал жергиликтүү бийлик жана тармактык мамлекеттик орган өкүлдөрүнө тийиштүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле катаал турмуштук абалда калган балдар үчүн кризистик борборду ачуу пландаштырылып жаткан «Затейник» балдар борборуна барды.

Тармактык түзүмдөргө балдар борборунун жетекчилигине келип чыккан маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүү, имаратты Кант шаарынын мэриясынын балансына өткөрүү процессин тездетүү тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM