Биз менен байланышыңыз

Максим Галкин: Алла Пугачевасыз жашоону элестете албайм

Теле алып баруучу, куудул жана шоумен Максим Галкин Арман Давлетяровдун Ютуб каналына берген маегинде жубайы Алла Пугачева экөөнүн ынтымактуу жана бактылуу үй- бүлөлүк сыры менен бөлүштү.

«Биз Москвада квартирада жашаган кезибизде, үй жумуштарын өзүбүз жасап, андан маашырканчубуз. Кийин балалуу болгондон соң, үй кызматчысын жумушка алдык. Азыр Алла баарын билип, кыла алса деле, шыпыргы көтөрүп, үй жыйнабайт жана ал — мыкты кожейке. Биз бири-бирибизди сүйөбүз жана бул сезимди жоготпоо үчүн калп айтпашыбыз керек. Ошондой эле, үй-бүлөдө жубайлардын ойлору да бирдей болсо жакшы болот. Кандай гана кумар болбосун, тез өтөрүн баары билишет. Ал эми ортодогу сезим, түшүнүү жылдар өткөн сайын өчпөйт, тескерисинче, бекемделет», — дейт.

Ошондой эле, ал мындан ары Алла Пугачевасыз жашоосун элестете албастыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM