Биз менен байланышыңыз

Кытай ЖОЖдору 2021-2022-окуу жылы үчүн Кыргызстанга 8 квота бөлдү

Кыска кабар | 4 Янв 2021 | 642 | 0

Кытай 2021-2022-окуу жылына карата Кыргызстанга бюджеттик негизде окутуу үчүн 8 квота бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин 30-декабрдагы жолугушуусунда айтылды.

«Буга чейин Кытайдын жогорку окуу жайларында окуу үчүн кыргызстандыктарга квоталар «Кыргызстан менен Кытай министрликтеринин кызматташуусу жөнүндө» макулдашуунун негизинде бөлүнүп келген. Мындан ары Кытай «Билим берүү тармагында кызматташуу жөнүндө» Өкмөттөр аралык макулдашуунун негизинде жыл сайын бюджеттик негизде окуу үчүн орундарды бөлөт. 2021-2022-окуу жылы үчүн 8 квота берилди», — деп билдирди Кытай элчиси.

Алмазбек Бейшеналиев билим берүү тармагындагы кызматташтыктын бекемделиши үчүн бир нече сунуш айтты:

-Кыргыз-Кытай илимий фондун түзүү;

-Окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү;

-Баштапкы кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүдө эки өлкөнүн кызматташтыгы.

Кытай элчиси бардык демилгелерди колдоп, аларды ишке ашырууну талкуулоого даярдыгын билдирди.

Кыргызстан менен Кытайдын билим берүү тармагындагы кызматташтыгы алкагында Кыргызстанда төрт Конфуций институту ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет:

-Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде;

-К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде;

-Ош мамлекеттик университетинде;

-Жалал-Абад мамлекеттик университетинде.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM