Биз менен байланышыңыз

Итибаев: Өкмөт антикризистик штаб түзүшү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Дек 2020 | 895 | 0

Өкмөт 24 саат иштей турган антикризистик штаб түзүшү керек. Мындай пикирин Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, штабга кенен укуктар ыйгарылышы керек.

Өлкө экономикасынын төмөндөшүнө пандемия жана саясий кризистен сырткары системдүү факторлор таасир этти. Анын кесепетинен билимдүү улан-кыздар Кыргызстандан чыгып кетүүдө.

«Мамлекетти башкаруу жөндөмдүүлүгүнүн деңгээли төмөн болгондуктан, мамлекеттик кызматтардын маянасы абдан аз. Мындай маселелер чогулуп жатып, өлкөнү жарга такады. Экономикалык, саясий, социалдык, маданий, руханий — системалуу кризистер ачыкка чыкты. Муну пандемия менен октябрдагы окуялар тездетти», — дейт Итибаев.

Copyright © 2017 Maral FM