Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Шайлоо учурундагы коопсуздук үчүн мергенчилик дүкөндөрү жабылды

Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 632 | 0

Шайлоо учурунда ар кандай чагымчылдыкка жол бербөө үчүн Ички иштер министрлиги бир катар чечимдерди кабыл алды. Бул тууралуу министр Улан Ниязбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Анда 20-декабрдан баштап ок атуучу жана жардыргыч заттарды колдонууга бөгөт коюлду. Ошондой эле көрсөтүлгөн убактан баштап жер-жерлердеги мергенчилик дүкөндөрүнүн иштери убактылуу токтотулду.

Ал эми шайлоо бюллетендерин басып чыгаруучу «Учкун» ишканасы министрликтин куралдуу кызматкерлери тарабынан коргоого алынууда. Басылып чыгып, даяр болгон соң, атайын жабдылган унааларга жүктөлүп, кызматкерлердин коштоосунда жеткирилет.

Эскерте кетсек, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM