Биз менен байланышыңыз

«CASA- 1000: Жергиликтүү коомчулукту колдоо» долбоорунун артыкчылыктары аталды

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Дек 2020 | 580 | 0

«CASA- 1000: Жергиликтүү коомчулукту колдоо» долбоорунун координатору Майрамбек Баялиев «Маралга» берген маегинде долбоордун артыкчылыктарын айтып берди.

Маалыматка ылайык, жер-жерлерде экономикалык объектилерди курууга да мүмкүнчүлүк берүүсү — долбоордун артыкчылыктарынын бири. Мындан сырткары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомчулуктун салымдарын талап кылса, долбоор тарабынан 100% толук камсыздалат.

«CASA- 1000: Жергиликтүү коомчулукту колдоо» долбоорун ишке ашырууга жалпы 11 млн доллар каралган. Анын 6 млн доллары — гранттык каражат. Насыя 38 жылга берилген.

«Учурда Дүйнөлүк банктын колдоосу менен онлайн платформа түзүлдү. Анда коомчулукка долбоор боюнча маалымат жеткирип, элдин көйгөйлүү маселелерин талкуулап жатабыз. Азыркы тапта «Жалал-Абад электро», «Ош электро» ААКлары менен иш алып баруудабыз», — дейт Баялиев.

Маалыматка ылйык, долбоор 2023-жылдын 30-июнь айында аяктайт. Ал эми кошумча каржылоо 2024-жылдын декабрында жыйынтыкталат.

Copyright © 2017 Maral FM