Биз менен байланышыңыз

«CASA- 1000» долбоорунун алкагында 4 миңдей жаштар окутулат

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Дек 2020 | 757 | 0

«CASA- 1000: Жергиликтүү коомчулукту колдоо» долбоорун ишке ашырууда ар бир аймактын деңгээлинде айылды өнүктүрүү планы түзүлөт. Бул тууралуу «Коомчулуктун катышуусун жогорулатуу жана социалдык жоопкерчиликти чыңдоо» долбоорунун координатору Кубатбек Алапаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Жаштардын үнү катары алардын да өнүктүрүү пландары түзүлөт. Бул да негизги максаттардын бири. Тандалган лидерлер багыттары боюнча жаштарга маалымат берет. Мындан сырткары жаштар социалдык, экономикалык багыттагы долбоорлорго айылдын көйгөйлөрүн кошуп, каражат алуусуна мүмкүнчүлүк бар. Улан-кыздарды кесип менен камсыз кылуу — долбоордун башкы максаттарынын бири. Жаштар Кыргызстанда иштеп калса, мигранттардын да саны кыскарат», — дейт Алапаев.

Маалыматка ылайык, 4 миңдей улан-кызды окутуп, сертификат берүү пландалууда. Кайсы багытта билим алууну жаштар өзү тандайт. Ал эми окутуудан өткөрүлө тургандарды лидерлер тандап алат. Билим берүү айыл өкмөттүн деңгээлинде уюштурулат.

2021-жылдын февраль айынан тарта окутуулар башталат. Долбоор 2022-жылдын апрель айларында жыйынтыкталат.

 

Copyright © 2017 Maral FM