Биз менен байланышыңыз

«CASA-1000: Жергиликтүү коомчулукту колдоо» долбоорунда «Ага Хан» 2 багытта иш алып барат

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Дек 2020 | 684 | 0

«CASA- 1000: Жергиликтүү коомчулукту колдоо» долбоорун ишке ашырууда «Ага Хан» фонду эки багытта иш алып барат. Алар: коомчулуктун катышуусун жогорулатуу жана социалдык жоопкерчиликти чыңдоо, ошондой эле жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн көтөрүү багыттары. Ага 3 жарым млн доллардан ашык каражат каралган. Бул тууралуу «Коомчулуктун катышуусун жогорулатуу жана социалдык жоопкерчиликти чыңдоо» долбоорунун координатору Кубатбек Алапаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Биринчи багытта жаштардын мобилизациясын камсыз кылууда 77 айылда коомчулуктун макулдугу менен 300дөн ашык жаштардын куратору жана коомдук кабарчылар тандалып алынды. Аларга адистештирилген тренингдер өткөрүлөт. Жаштар чечимдерди кабыл алууда, айылдын өнүгүү пландарын түзүүдө эл ичинде уюштуруу иштерин жүргүзөт. Ал үчүн фонддун каражатынын эсебинен бирден смартфон алып берип жатабыз», — дейт Алапаев.

Экинчи багытта жер-жерлердеги улан-кыздар атайын кесиптик окуу менен камсыздалат. Чакан бизнестерин өнүктүрүү боюнча жаштарга дем берүүчү атайын гранттар каралган. Ишкердигин өнүктүрүп кете алгандарга 3000 доллар грант берүү мүмкүнчүлүгү бар.

Белгилей кетсек, «Жергиликтүү коомчулукту колдоо» туунду долбоору «CASA-1000» долбоорунун алкагында ишке ашырылат.

«CASA-1000» — Кыргызстан менен Тажикстандын Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо боюнча долбоор. Анын алкагында Кыргызстан аталган өлкөлөргө электр жарыгын сатып, киреше табат. Долбоор «АРИС» жана «Ага Хан» фонддору тарабынан ишке ашырылууда.

Copyright © 2017 Maral FM