Биз менен байланышыңыз

Келечеги күмөн «Улуттук энергохолдинг»

Саясат | 1 Мар 2019 | 1731 | 0

Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын жыйынында энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана бул тармакты өнүктүрүү багытындагы маселе каралды. Анын негизинде CASA 1000 жана башка энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча талкуу жүрдү. Ошону менен бирге депутаттарды Энергохолдингдин тагдыры кызыктырды. 

Кыргызстан суу ресуртарына бай мамлекет. Аны менен өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы жогору. Адистер өлкөдө 142 миллиард киловат саат электр энергиясын өндүрө турган кубаттуулук бар экенин айтышат. Мына ушундай потенциал менен Кыргызстан экспорттоого ээн эркин чыга алаары талашсыз.

Өндүргөн энергияны сата турган базар катары CASA-1000 долбоору көптөн бери айтылып келет. Бул долбоор Кыргызстанда 2022-жылдан тарта иштей турганын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоордун негизинде Кыргызстан электр энегриясын жай мезгилинде берип турат. Ошол убакытта өлкөдө электр энергиясы жогорку көлөмдө иштелип чыгат.

-Бүгүнкү күндө Үч-Коргон жана Токтогул ГЭСтерин реконструкциялап жатабыз. Бишкек ЖЭБди дагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, кубаттуулугун жогорулаттык. Мындан сырткары, алып бара турган иштердин планы бар. Ошонун негизинде Кыргызстан CASA-1000 долбоорунун милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү бар деген ишеничтебиз. Эгерде кайсы бир себептерден улам Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жетпей бара жатса, долбоорго кирген өлкөлөрдөн электр энергиясын алып турабыз. Бул келишимде каралган.

КСДП фракциясынын жыйынында айрым депутаттар акыркы мезгилде өлкөнүн энергия тармагында орун алган коррупциялык схемалар ачыкка чыкканын баса белгилешти.

Депутат Азамат Арапбаев CASA-1000 долбоору тууралуу буларга токтолду:

-CASA-1000 долбоорунун алкагында Жогорку Нарын ГЭС каскады менен Датка-Кемин жогорку чыӊалуудагы электр чордону бүткөрүлүп, ашыкча энергия экспорттолушу керек болчу. Бирок анын натыйжасы сезилген жок. Азыр Кыргызстанда майнинг-компаниялар иштей баштады, алар мамлекетке эч кандай пайда алып келбейт, салык төлөгөн жок. Аларга өзүнчө тариф иштеп чыгуу зарыл.

Ал ортодо эл өкүлдөрү Кыргызстанда электр энергиясы жеткиликтүү болбой жаткан мезгилде өкмөт сыртка кайсы энергияны экспорттоону көздөп жатканын сындашты. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Улуттук энергохолдинг копаниясын жоюу керектигин депутат Рыскелди Момбеков айтты.

-Эч кимге пайдасыз Улуттук энергохолдинг компаниясын Кубанычбек Турдубаев, Айбек Калиев, Азамат Оморов деген үч киши түзгөн. Азыр алар менен Казакстандын энергетика министрлиги сүйлөшпөйт. CASA-1000 долбоору дейсиӊер, өзүӊөргө жетпей жатса, анан кайсы электр энергиясын экспорттойсуӊар? Ал үчүн Улуттук энергохолдинг компаниясын жоюп, Энергетика министрлигин калыбына келтириш керек, ансыз бул маселени чече албайсыӊар.

Буга чейин дагы парламентте Улуттук энергохолдинг компаниясын жоюп, анын ордуна энергетика министрлигин түзүү чечими кабыл алынган. Фракция жыйынында Кубатбек Боронов энергохолдингдин тагдыры боюнча өкмөт азырынча бир чечимге келе электигин кабарлады. Жаз айларында энергетика тармагын жетектеген мекемелердин структуралары боюнча Жогорку Кеңешке сунуш жибериле турганын кошумчалады.

Отун-энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев CASA-1000 долбоорунан Кыргызстан пайда көрбөй турганын жана анын милдетмелерин аткара албашын билдирди. Ошону менен бирге ал Энергохолдинг компаниясын жоюп салуу сунушун кошумчалады.

-Улуттук энергохолдингди жоюп энергетика министрлигин калыбына келтирүү зарыл. Бул керектүү нерсе. Анткени саясий орган түзүп, стратегиялык программаларды ишке ашырабыз. Кубатбек Боронов тарифти көтөрүү керек деп айтып жатат. Энергокомпаниялар жаман абалда калды дейт. Жок, тарифти көтөрбөө керек. Жыл сайын энергетика тармагында 700 млрд сом уурдалып кетет. Буга бөгөт койсок, коммерциалык жоготууларды азайтсак, алып-сатууну ачык өткөрсөк, бул жактан ички мүмкүнчүлүктөрдү карасак болот.

Эске салсак, Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан менен биргелешип ишке ашыра турган CASA-1000 долбоорунун алкагында 3 эл аралык каржы уюмдары менен 133 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя алуу боюнча макулдашуулар бар. Келишим 2018-жылдын октябрь айында күчүнө кирди. Жогорку чыӊалуудагы жаӊы энергетикалык тутумдун жалпы узундугу 450 чакырымды түзөт, анын 125 чакырымы Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүгө тийиш.

Келишимге ылайык, Кыргызстан энергетикалык тутумга жылдын май-октябрь айларында 1,5 млрд кВт/саат электр энергиясын бериши керек. Кыргызстандын электр энергиясын 3,5 центтен экспорттоого 15 жылдык кепилдиги бар. CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу жүрүмүн Өнөр жай, энергетика комитети көзөмөлдөйт, электр энергиясы менен «Электр станциялары» ишканасы камсыз кылат, ал эми электр энергиясын «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ишканасы жеткирет.

Copyright © 2017 Maral FM