Биз менен байланышыңыз

«CASA- 1000: Жергиликтүү коомчулукту колдоо» долбоору: 3 багытта иш жүрөт

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Дек 2020 | 1026 | 0

«CASA- 1000: Жергиликтүү коомчулукту колдоо» долбоору 3 багыт менен ишке ашат. Бул тууралуу аталган долбоордун координатору Майрамбек Баялиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Биринчи багытта жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын бойлой жайгашкан айылдарда иш алып барабыз. Ага 36 айыл аймагы, 77 айыл жана 5 шаар кирген. Биринчи кезекте айылдарда электр жарыгын жакшыртуу боюнча иштер аткарылат. Жогорку чыңалуудагы электр энергиясы Жалал-Абад облусунан чыгып, Ош, Баткен облустарын аралап өтөт. Андан ары Тажикстандан Ооганстан, Пакистанга өтүп кетет. Бул линияда жайгашкан айылдар түздөн-түз электр жарыгы менен камсыздалат», — дейт Баялиев.

Мындан сырткары, долбоордун алкагында жогоруда аталган айылдардын инфрастуктурасын жакшыртуу боюнча гранттык каражаттар бөлүнүп берилет. Ошондой эле аймактардагы экономикалык объектилерди куруу иштери аткарылат.

Долбоордун негизги максаты: жергиликтүү коомчулуктун калың катмарын мобилизациялоо менен чечимдерди кабыл алууга тартуу; жер-жерде коомчулуктун көйгөйлүү маселелери болгон объектилерди жөнгө салуу; социалдык объектилерге мүмкүнчүлүк түзүү.

 «Жергиликтүү коомчулукту колдоо» туунду долбоору «CASA-1000» долбоорунун алкагында ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, «CASA-1000» — Кыргызстан менен Тажикстандын Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо боюнча долбоор. Анын алкагында Кыргызстан аталган өлкөлөргө электр жарыгын сатып, киреше табат. Долбоор «АРИС» жана «Ага Хан» фонддору тарабынан ишке ашырылууда.

Copyright © 2017 Maral FM