Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында коррупциядан өндүрүлгөн акчага мектеп курулду

Кыска кабар | 22 Дек 2020 | 416 | 0

Коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражатка Ош шаарында мектеп курулду. Анын ачылышына 22-декабрда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов катышты.

1200 адамга ылайыкташкан Нариман атындагы орто мектебинде буга чейин 4 миңге жакын бала окутулуп келген. Ошол себептен 2019-жылы коррупция менен күрөшүүдөн өндүрүлгөн акчага кошумча имарат курула баштаган.

Үч кабаттуу окуу имаратында 24 окуу бөлмөсү, ашкана, медициналык кабинет, окуучулардын бөлмөсү, китепкана жана окуу залы бар.

Талант Мамытов балдарга заманбап маалыматтык технологияларды жана чет тилдерди үйрөтүп, ал эми жогорку класстарда кесиптик билим берүү программаларын киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу зарылдыгын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM