Биз менен байланышыңыз

Германияда «Amazonдун» кызматкерлери иш таштоо жараянын баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Дек 2020 | 597 | 1

Дүйнөнүн эң бай адамы Жефф Безоско тиешелүү «Amazon» компаниясынын Германиядагы кызматкерлери айлык акысына нааразы болуп, иш таштоо жараянын баштады.

21-декабрда башталган иш таштоо 24-декабрга чейин уланары жана ага 1700 адам катышары күтүлүүдө.

Кызматкерлер корпорация миллиарддаган пайда таап жатканы менен жумушчуларга тиешелүү акы төлөбөй жаткандыгына нааразычылык билдиришкен.

Маалыматта айтылгандай, компаниянын кызматкерлери пандемия учурунда ден соолугуна терс таасир этиши мүмкүн экенине карабай иштеп жатышат. Ошондуктан алар айлык акыларын көбөйтүүнү талап кылышууда.

Өз кезегинде «Amazonдун» өкүлдөрү кызматкерлердин айлыгы жетишерлик экенин айтышууда.

5 жыл мурун «Amazonдун» кампага алынып келинген роботтору кызматкерлердин ишин жеңилдетпей эле оорлоштурган. Эми кызматкерлерге мурдагыдан 4 эсе көп иштөөгө туура келүүдө. Андан сырткары, кампага роботторду алып келүү кызматкерлер арасында жаракат алуу санынын рекорддук даражага жетүүсүн шарттаган.

1 пикир

1 пикир

  1. Кыргыз

    23.12.2020 10:59

    Айпери «падемия» деген соз жок. Текстти туура жазыныз.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM