Биз менен байланышыңыз

«2021-жылы инвесторлордун жеңил иштешине шарттар түзүлөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Дек 2020 | 1040 | 0

2021-жылы инвесторлордун жеңил иштешине шарттар түзүлөт. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Ички болобу, сырткы болобу, инвестордун баарына бирдей мамиле кылышыбыз керек. Сырттан келе турган инвестор экономикага ири салым кошо турган болсо, кошумча шарт түзүү чараларын көрүү зарыл. Акыркы убакта жерлердин трансформация маселеси жана башка көйгөйлөр чыгууда. Аны чечүү максатында Жогорку Кеңеш, Өкмөт тарабынан бир топ иштер аткарылып жатат. 2010-жылы бул маселелердин көбү чечилип, инвесторлордун иштешине шарттар түзүлөт деген ой бар», — дейт Алыбаев.

Ал ички инвестор жергиликтүү каада-салт, элдин менталитетин билген жагы менен сырткы инвестордон айырмаланарын кошумчалады.

Мындан сырткары ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо зарылчылыгын белгиледи.

«Аларга басым жасабасак, жалпы экономикада абал кыйын болушу мүмкүн. Ата мекендик өндүрүшкө шарт түзгөн мамлекеттин экономикасы туруктуу болот. Бизде да аларды колдоо багытында иштер аткарылып жатат. Инфраструктуралык маселелер бар, алсак, жол, суу, электр жарыгы ж. б. Булардын баары туризмге да таасирин тийгизүүдө», — дейт адис.

Copyright © 2017 Maral FM