Биз менен байланышыңыз

«Быйыл экономиканы турукташтыруу үчүн 4 план кабыл алынды»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Дек 2020 | 1515 | 0

2020-жылы экономиканы турукташтыруу, ишкерлерди колдоо максатында 4 план кабыл алынды. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ишкерлерди колдоо үчүн Өкмөт тарабынан иштелип чыккан программанын алкагында 3 млрд сомго жакын каражат берилди. «Айыл чарбасын колдоо» программасынын негизинде 5 млрд сомго жакын акча бөлүндү. Экспортту колдоо багыты боюнча иштер жүрүп жатат.

«Доллардын кымбаттаганына байланыштуу азык-түлүктүн баасы да жогорулап кетти. Кечээтен бери доллар арзандап жатат. Бул биздин экономикага жакшы таасир берет. Анткени кун төмөндөөдө. Насыя алып, доллар менен иш жүргүзгөн ишкерлерге да бир топ жеңил болот деген ойдомун. Анткени дүйнөлүк сооданын 40 %ы доллар менен жүгүртүлөт. Экономиканын өсүшүнө улуттук валютанын туруктуулугу түздөн-түз таасирин тийгизет», — дейт Алыбаев.

Copyright © 2017 Maral FM