Биз менен байланышыңыз

Алыбаев: 10 айда 398 млн доллар инвестиция кирди

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Дек 2020 | 1156 | 0

10 айда 398 млн доллар инвестиция кирди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу аз экенин Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чаралар каралган. Укуктук база ачык-айкын болушу керек. Бул боюнча тийиштүү мыйзамда көптөгөн жагымдуу шарттар белгиленген. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин негизинде 30га жакын долбоор иштелип чыгып, үчөө ишке ашырылууда.

«Сырттан келе турган инвесторлорго чектөөлөр алынып жатат. Бул инвесторлордун кайтып келип, экономикага салым кошуусуна шарт түзөт. Чыгып кеткен инвестициянын көлөмү — кирген инвестицияга караганда жогору. Бул — ишкердикте боло турган иштер. Экономикада ар кандай кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге мыйзамдын жогорку деңгээлдеги даярдыгы болбой, административдик түрдүү тоскоолдуктар жаралып калышы ыктымал. Мындан сырткары калк инвесторлор тууралуу туура эмес көз карашта калышы мүмкүн. Ошондуктан бул багытта ар дайым иш жүргүзүшүбүз керек. Мыйзам жагынан бизде жакшы шарттар түзүлгөн. Алсак, бизде салыкка болгон басым төмөнүрөөк», — дейт Алыбаев.

Ал белгилегендей, инвесторлор алгач адам факторуна карашат. Экономикалык шарттар бир калыпка келсе, инвестициянын көбөйүшүнө алып келет.

Copyright © 2017 Maral FM