Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жаңы жылдык жарманке башталды

Кыска кабар | 20 Дек 2020 | 488 | 0

Бүгүн, 20-декабрда борбор калаадагы «Ынтымак» сейил багында жаңы жылдык жарманке башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Ага ылайык, жарманке эртең мененки саат 10:00дөн кечки 16:00гө чейин созулат.

Жарманкеде кичи ишканалар менен өндүрүшчүлөрдүн продукциясы сунушталат.

Ошондой эле тамчылатып сугаруу технологиясы менен өстүрүлгөн алмалар сатылат.

Copyright © 2017 Maral FM