Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Көп кабаттуу үйлөрдө жылуулук бөлүштүрүүчү түйүндөр алмаштырылат

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Дек 2020 | 681 | 0

2021-жылдын аягына чейин Бишкектеги көп кабаттуу турак жайлардын жер төлөсүндөгү жылуулук бөлүштүрүүчү түйүндөрдү алмаштыруу иштери жүрөт. Бул тууралуу «Бишкек жылуулук тармактары» ачык акционердик коомунун башкы инженеринин орун басары Туйгунбек Керимкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен турак жайлардын жер төлөсүндөгү жылуулук бөлүштүрүүчү түйүндөрдү алмаштыруу боюнча жакшы иштер жүрүп жатат. Бул шаардын бардык аймагына бирдей температурадагы жылуулукту жеткирүүгө шарт түзөт. 2021-жылдын сентябрына чейин иштердин биринчи этабын толук бүтүрүү каралган. Андан соңку 3 жылда эсептөөчү жабдууларды коюшубуз кажет. Шаардын 70%ын жылуулук менен камсыз кылабыз. Бизге кошумча насостук станциялар керек», — дейт Керимкулов.

Анын айтымында, мекеме жылуулук берүүгө жакшы даярдыктар менен келди. Планда каралган бардык оңдоп-түзөө иштери аткарылып, суу түтүктөрү алмаштырылды.

Copyright © 2017 Maral FM