Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте жылуулук берүү токтотулат

Кыска кабар | 4 Апр 2020 | 563 | 0

Бишкек шаарында жылуулук берүү бүгүн, 4-апрелде токтотулат. Бул тууралуу «Электр тармактары» ачык акционердик коомунун маалымат кызматы билдирди.

Борбор калаада жылуулук берүү 19-мартка караган түнү токтотулуп, бирок абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу 25-марттан тарта кайрадан жылуулук берилген.

Ал эми жылуулук үчүн төлөм март айында 1-18-март жана 25-31-мартка, жалпы 25 суткага эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM