Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Оңдоо иштерине байланыштуу айрым көчөлөр жабылат

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 400 | 0

Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү тосулат. Бул тууралуу «Бишкек жылуулук тармагы» мекемеси маалымдады.

Жолдорду тосуу жылуулук тармагын оңдоо иштерине байланыштуу.

Магистралдык жылуулук тармактарын оңдоо ишинен улам Токтогул көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгү 15-сентябрга дейре жабык болот.

«ГлавТехИнвест» уюму Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылытуучу камераны оңдоп, жаңыртат. Бул себептен 20-августка чейин жол жарым-жартылай тосулат.

Жылуулук менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга багытталган бардык иштер Капиталдык курулуш башкармалыгынын буйруктарына ылайык жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM