Биз менен байланышыңыз

Бишкек: 15-марттан тарта 14 көчө оңдоо иштери үчүн жабылат (тизме)

Кыска кабар | 15 Мар 2021 | 1315 | 0

Бишкек шаарында бүгүн, 15-марттан тарта «Жол-көчө тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алагында көчөлөрдү реконструкциялоо иштери башталат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Долбоор Кытай грантынын эсебинен ишке ашып жатат. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө автоунаалардын кыймылына чектөөлөр болот.

Чектөө боло турган көчөлөрдүн тизмеси:

1. Каркыра көчөсүнүн Гагаринден Ак-Ордо көчөсүнө чейинки бөлүгү (Ак-Ордо);

2. Түгөлбай ата көчөсүнүн Ибраимовдон Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү;

3. Айбийке көчөсүнүн Гагаринден Ак-Ордодогу темир жол өтмөгүнө чейинки бөлүгү;

4. Ажыбек баатыр көчөсүнүн Жунусалиевден Манас проспектисине чейинки бөлүгү;

5. Жунусалиев көчөсүнүн Абдрахмановдон Арча-Бешиктеги Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

6. Стадион көчөсүнүн Абдрахмановдон Ынтымак конушундагы Магистралга чейинки бөлүгү;

7. Көкчө-Тоо көчөсүнүн Махатма Гандиден Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү

8. Ташкент көчөсүнүн Турусбековдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;

9. Новая көчөсүнүн Ленскаядан Жеңиш конушундагы Жеңиш көчөсүнө чейинки бөлүгү;

10. Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаевден Шабдан баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү;

11. Койбагаров көчөсүнүн Жукеев-Пудовкинден Каралаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

12. Фере көчөсүнүн Тоголок Молдодон Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү;

13. Будённый көчөсүнүн Чүй проспектисинен Жибек Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү;

14. Огонбаев көчөсүнүн Ибраимовдон Осмонкул көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Copyright © 2017 Maral FM