Биз менен байланышыңыз

Өкмөт жыл башынан бери 374,7 чакырым жолду реабилитациялады

Кыска кабар | 15 Ноя 2019 | 550 | 0

2019-жылдын башында өлкө боюнча эл аралык транспорттук коридордун 374,7 чакырым жолу реабилитацияланды жана оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынын бүгүн тараткан билдирүүсүндө айтылат. Бул көрсөткүч 2016-2025-жылдарга Жол тармагын өнүктүрүү программасын жүзөгө ашыруунун алкагында жетишилген.

Жол каттамдарын жакшыртуу жана өлкө аймактарындагы жол жүрүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жумуштар эл аралык донорлордун жардамы менен ишке ашууда.

Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында наркы 600 млн сомдук узундугу 140,0 чакырым келген райондордун борборлорундагы көчөлөрдүн жана жолдордун 113 объектисинин тизмеги бекитилген. Бүгүнкү күндө аталган жумуштар аткарылган.

Муну менен катар аймактарды аралап жүрө турган автобустардын санын көбөйтүү боюнча иштер жүрүүдө. Автобустук каттамдар менен камсыз кылуу боюнча эң жакшы көрсөткүч Чүй облусунда – 98,7%, эң төмөн көрсөткүч Нарын облусунда – 69,4%.

Маалымдама: Республиканын маршруттук түйүнү боюнча 2019-жылга карата 1007 автобустук маршрут бар, алардын ичинде:

— эл аралык — 23 маршрут;

— шаарлар аралык — 292 маршрут;

— шаар четиндеги — 410 маршрут;

— шаардык — 282 маршрут.

Жол инфратүзүмүн жакшыртуу менен катар ирригациялык түйүндөрдү өнүктүрүү мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иштер уланууда.

2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча республикада кошумча 730 га жаңы сугат жерлери киргизилип, 1394 га жердин суу менен камсыздалуусун жогорулатуу иштери жүргүзүлдү. Объекттерди куруу уланууда. Алар аяктаган соң, 1541 га жаңы сугат жерлери киргизилип, 4327 га жердин суу менен камсыздалуусу жогорулатылат.

Copyright © 2017 Maral FM