Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Ар бир райондун борборунда 3 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 764 | 0

“Жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 км жолго асфальт төшөлөт”, — деди Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Бул тууралуу Президенттик аппаратын маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бишкек-Ош» жолунун – «Кара-Балта-Бишкек» жана «Маданият-Жалал-Абад» участокторун ремонттоо иштери аткарылып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары ички жолдорго өзгөчө көңүл бурулуп, ар бир район борборлорунда жыл сайын 3 км кем эмес жолдорун асфальттоо иштери жүрөөрүн кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM