Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында жылуулук берүү токтотулду

Кыска кабар | 18 Мар 2019 | 664 | 0

Ош шаарында Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) шаарга жылуулук берүүсүн токтотту. Мындай чечимди мэрия кечээ кабыл алган. Бул тууралуу “Электрдик станциялар” акционердик коомунан билдирди.

Оштун ЖЭБи Кыргызстан боюнча жылуулук берүүчү экинчи электрдик станция болуп саналат. Анын балансында жалпы узундугу 58,474 чакырым суу магистралдык жана кварталдык жылуулук тармактары бар.

“Оштун ЖЭБинин жылуулук тармактарына  319 көп кабаттуу батир жана 232 менчик үйлөр, бюджеттик 88 уюм, 5 өндүрүш ишкана жана 298 ар кандай мекемелер кирет”,-деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM