Биз менен байланышыңыз

Быйыл картошка өндүрүү азайып, дан өсүмдүктөрүнүн түшүмү көп болду

Кыска кабар | 15 Дек 2020 | 406 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрына карата өлкө аймагында 2020-жылдын айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо иштери аяктады.

Улуттук статистика комитети 570,9 миң гектар аянттан дан өсүмдүктөрү өткөн жылга салыштырмалуу 3,4 пайызга көп болгонун кабарлады. Бастырылган дан (алгачкы кабыл алынган салмакта) 4,4 пайызга көп жыйналды.

Буудайдын түшүмүн жыйноо аяктап, анын дүң жыйымы республика боюнча өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,7 пайызга өстү. Ошол эле учурда Талас облусунун чарбаларында орточо республикалык көрсөткүчтөн ашып түштү, ал 26,3 пайызга, Нарында — 25,9 пайызга, Чүй — 5,6 пайызга жана Ысык-Көл облусу — 5,4 пайызга көп жыйналды.

Арпанын дүң жыйымы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,6 пайызга, анын ичинде Талас облусунун чарбаларында — 28,6 пайызга, Баткенде — 13,9 пайызга, Жалал-Абадда — 12, 7 пайызга жана Чүй облусу — 11,1 пайызга өстү.

Бакча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы республика боюнча жалпысынан 6,4 пайызга, анын ичинде Чүй облусунун чарбаларында — 14,2 пайызга, Талас облусунда — 4,7 пайызга жана Жалал-Абад облусунда — 3,4 пайызга өстү.

Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өндүрүүсү жалпысынан республика боюнча 4,1 пайызга өстү. Орточо республикалык көрсөткүчтөн Ысык-Көл облусунун чарбаларында — 18,1 пайызга, Талас облусунда — 8,5 пайызга жана Баткен облусунда — 4,9 пайызга өстү.

Ушул жылдын 23-октябрына карата картошка өндүрүү 3,3 пайызга азайган, анын ичинде Баткен облусунун чарбаларында — 7,5 пайызга, Ысык-Көлдө — 4,9 пайызга, Таласта — 4,7 пайызга жана Жалал-Абад облусуда — 4,4 пайызга азайган.

Жалпы республика боюнча жашылчалардын өндурүүсү 0,2 пайызга кыскарды, анын ичинде Талас облусунун чарбаларында — 7,9 пайызга, Нарын — 3,1 пайызга, Ош — 2,3 пайызга жана Жалал-Абад облусунда – 0,7 пайызга азайган.

Жалпы республика боюнча кант кызылчасын өндүрүү 39,7 пайызга азайган, анын ичинде Чүй облусунун чарбаларында — 39,6 пайызга жана Талас облусунда — 27,2 пайызга азайган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM