Биз менен байланышыңыз

Референдум өткөрүүгө дээрлик 40 млн сом жумшалат

Кыска кабар | 15 Дек 2020 | 455 | 0

Кыргызстандагы башкаруу формасын аныктоо үчүн өтө турган референдумга 39 миллион 946 миң сом жумшалат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.

БШК референдумду 10-январга белгилеген. Бул күнү президенттик шайлоо да өтөт. Анда:

-президенттик республика;

-парламенттик республика;

-бардык варианттарга каршы деген тандоо коюлат.

Референдумду өткөрүү 10-январга белгиленди

Бүгүн, 15-декабрда президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого 18 талапкер катышат.

Кыргызстандын ичинде 2420 шайлоо участкасы ачылып, коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 11 миң милиция кызматкери тартылат.

2111 Маяна             942 400           942 400
Социалдык фондго төгүмдөр 17,25%             163 000           163 000
2211 Иш сапарларга кеткен чыгымдар          4 100 000        2 000 000       1 500 000          200 000           400 000
2212 Байланыш кызматтары үчүн          3 150 000        2 600 000          500 000            50 000
2213 Ижара акысы              50 000                   —            50 000
2214 Транспорттук чыгымдар          8 898 800       7 848 800       1 000 000            50 000
2215 Башка чыгымдар        19 567 200      13 500 000       4 967 200       1 000 000          100 000
2222 Учурдагы тиричилик муктаждыктары үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу          3 074 600        2 024 600       1 000 000            50 000
2225 Коопсуздук кызматтарын сатып алуу                     —
2231 Коммуналдык кызматтар                     —
3112 Унаа жана жабдыктар                     —                   —
Бардыгы:        39 946 000      20 124 600      12 816 000       5 000 000          500 000         1 505 400

Copyright © 2017 Maral FM