Биз менен байланышыңыз

Референдумду өткөрүү 10-январга белгиленди

Кыска кабар | 12 Дек 2020 | 1316 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы кечээ, 11-декабрда кечинде расмий сатына жарыялады.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамда Кыргызстандын бардык аймагында 2021-жылдын 10-январына, жекшемби күнгө референдум дайындоо каралган.

Референдумга төмөндөгүдөй башкаруу формаларын тандоо маселеси чыгарылат:

— президенттик республика;

— парламенттик республика;

— бардык варианттарга каршы.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Буга чейинки маалыматтарда референдумду 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен бирге өткөрүү маселеси каралып жатканы айтылган болчу.

Референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров сунуш кылган. Ал долбоорду тиешелүү комитеттин корутундусунан кийин сессияга алып чыкканын маалымдаган.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор — эгер мыйзам кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилешет. Ал эми Референдумга каршы активисттер өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонуп,  жума сайын нааразылык акцияларын уюштуруп келет.

Copyright © 2017 Maral FM