Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 11 айда балдардын катышуусунда 320 жол кырсыгы катталды

Кыска кабар | 12 Дек 2020 | 410 | 0

11 ай ичинде Бишкекте балдардын катышуусунда 320 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы ушул мезгил аралыгында 532 жол кырсыгы катталган. «2019-жылы жол кырсыгынан 608 бала жабыркаса, быйыл 373 бала жабыркады. Өткөн жылга салыштырмалуу балдардын катышуусунда болгон жол кырсыктарынын саны 66,25 пайызга азайды«, — деп айтылат маалыматта.

Ата-энелер үчүн негизги кеңеш — балага жол эрежелерин, жолдо туура өзүн алып жүрүүнү үйрөтүү керек.

Copyright © 2017 Maral FM