Биз менен байланышыңыз

УКМК: Аткезчилик менен алып келинген түстүү металлдардын партиясы кармалды

Кыска кабар | 11 Дек 2020 | 730 | 0

Аткезчилик менен алынып келе жаткан түстүү металлдардын партиясы кармалды. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

9-декабрь күнү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, чектеш өлкөлөрдүн биринен аткезчилик жол менен Кыргызстандын аймагына түстүү металлдарды алып келүү фактысы аныкталды.

Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик көзөмөл постунан жалпы көлөмү 27 тоннага жакын түстүү металлды (жез, латунь, алюминий) контрабандалык жол менен алып келе жаткан жүк ташуучу унаа кармалган.

Алдын ала эсеп боюнча жүктүн базар баасы 150 миң доллардан ашык.

Бул факты боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүндө (экономикалык контрабанда) каралган кылмыш белгилери менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM