Биз менен байланышыңыз

Жо Байден «Time» журналы тарабынан «Жыл адамы» деп табылды

Дүйнө | 11 Дек 2020 | 1260 | 0

Бир кылымдан ашуун убакыттан бери америкалык «Time» журналы «Жыл адамын» тандап келет. Быйыл бул наамга 2 адам татыктуу деп табылды.

Мына ушинтип көптөн күткөн убак да келип, иш-чаранын алып баруучусу, рок-музыкант Брюс Спрингстин даражалуу наамдын быйылкы ээлерин атап, журнал тарабынан Американын жаңы шайланган президенти Жо Байден менен болочок вице-президент Камала Харрис «Жыл адамы» деп белгиленгенин жар салды.

Журналдын башкы редактору Эдвард Фельзенталдын айтымында, бул наам вице-президентке алгачкы ирет берилип жатат. Мунун себебин ал: «Байден менен Харристин тандеми тарыхый мааниге ээ», — деп түшүндүрдү.

Байден менен Харрис редакциянын бул тандоосун сыймыктануу менен кабыл алгандыгын айтышып, ыраазычылык билдиришти.

Сыйлык ыйгаруу аземи пандемияга байланыштуу онлайн өттү. Талапкерлерди тааныштыруу, жеңүүчүлөрдү атоо жана алардын ыраазычылык билдирүүсү алдын ала жазылып коюлган.

«Time» басылмасы жазгандай, Байден 44-президент Барак Обаманын рекордун жаңылап, Америка тарыхында президенттик шайлоодо эң көп добушка ээ болгон.

АКШдагы президенттик шайлоодо Жо Байден көпчүлүк добушка ээ болуп, учурдагы президент Дональд Трампты артта калтырган.

Ал эми Харрис жакынкы арада биринчи афроамерикалык вице-президент болот.

«Time» 1927-жылдан бери жылдын эң күчтүү таасирге ээ болгон инсандарды жарыялап, аларга «Жыл адамы» сыйлыгын тапшырып келет. 2019-жылы Швециялык 16 жаштагы мектеп окуучу, экология боюнча активист Грета Тунберг «Жыл адамы» деп табылган.

Ал эми «20202-жылдын мыкты спортчусу» деп баскетбол жылдызы Леброн Жеймс аталды.

«Жылдын мыкты артисти» наамына кореялык «BTS» тобу ээ болду.

«BTS» тек гана К-ПОП музыка дүйнөсүндөгү ийгиликтүү чыгармачыл топ эмес, алар дүйнөдөгү эң ийгиликтүү жамаат катары сыпатталат журналдын маалыматында.

«BTS» быйыл мындан сырткары «Dynamite» ыры менен дүйнөгө белгилүү «Грэмми» сыйлыгына татыган.

«Жыл адамы»

Салтка айланып калгандай жыл сайын декбрь айында «Time» басылмасы жыл адамдарын жарыялап, номинацияны жеңип алгандардын сүрөтү журналдын башкы бетине жайгаштырылат. Бул наамды алуу үчүн атайын критерийлер жок, тагыраагы, ким коомчулукка көбүрөөк таасир эте алса, ошого тапшырылат. Алгачкы ирет бул наамды 1927-жылы Атлантиканы жалгыз учуп өткөн америкалык учкуч Чарльз Линдберг алган.

Наам ыйгаруунун тарыхын алып карасак, 70 ирет мамлекеттик жана коомдук ишмерлер ээ болгон. Алардын катарында Махатма Ганди (1930), Уинстон Черчилль (1940, 1949), Елизавета II (1952), Шарль де Голль (1958), Мартин Лютер Кинг (1963), Генри Киссинжер (1972), аятолла Хомейни (1979), Лех Валенса (1981), Иоанн Павел II (1994) бар.

Франклин Рузвельттен баштап Американын бардык президенттери бул наам менен сыйланышкан. Бир гана Жеральд Фордго ыйгарылган эмес. А Рузвельт өзү эле «Жыл адамына» 3 ирет: 1932-1934-1941-жылдары татыган.

«Жыл адамы» титулун СССРдин жана Орусиянын 5 лидери алган. Алар: Иосиф Сталин (1939, 1942), Никита Хрущев (1957), Юрий Андропов (1983, Рональд Рейган менен чогуу), Михаил Горбачев (1987, 1989) жана Владимир Путин (2007).

Copyright © 2017 Maral FM