Биз менен байланышыңыз

Төрөхан Жунусбеков «Мегакомдун» жетекчисине кеңешчи болду

Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 725 | 0

Жарандык активист Төрөхан Жунусбеков «Альфа Телеком» компаниясынын директорунун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ишканадан тастыкташты.

8-декабрда жергиликтүү маалымат каражаттары жеке булактарына таянып, Төрөхан Жунусбеков «Мегаком» компаниясынын жетекчисине кеңешчи болгонун жазышкан.

Жунусбеков өзү бул кызматка дайындалганын четке кагып, кабары жок экенин айткан. Ал учурда президенттик шайлоого карата даярдыктар менен алек экенин билдирген.

Төрөхан Жунусбеков быйыл октябрь окуяларынан кийин Бишкектин мэри болууну көздөгөндөрдүн бири экени белгилүү.  Ал Нариман Түлеев мэрдин милдетин аткарууга киришкенде каршы чыгып, нааразылык акцияларында жүргөн.

«Мегаком» компаниясын учурда мурдагы депутат Акылбек Жамангулов жетектейт.

Жамангулов: «Мегакомго» акча үчүн келген жокмун

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM