Биз менен байланышыңыз

Жамангулов: «Мегакомго» акча үчүн келген жокмун

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Ноя 2018 | 665 | 0

Өзүмдү аткаруу бийлигинен да сынап, ишмердүүлүгүмдү көрсөтөйүн деп «Мегаком» компаниясына келдим. Кеп акчада эмес. Мындай пикирин аталган ишкананын жетекчиси Акылбек Жамангулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал парламентте депутат болуп турганда колунда бийлик бар болгонун белгилейт.

«Депутаттыкы «Мегакомдун» жетекчилигинен бийик болчу. Баарын сындоо башкы максат болбошу зарыл. Эми сынга дагы кабылып көрүш керек. Азыр 30 жаштамын. Алдыда кандай иштер күтүп турат белгисиз», — дейт Жамангулов.

Ал «Мегакомдун» ишмердүүлүгү, компаниянын жаңылыктары тууралуу да айтып берди.

«Көп өзгөрүүлөр болот. Оптимизацияга барабыз. Бирок кызматкерлердин санын кыскартпайбыз. Алар өз ишмердүүлүгүн уланта берет. Жумуштарды бөлүштүрөбүз. Жаңы жылдан соң бир топ жаңы продукцияларды беребиз», — дейт директор.

Жамангулов «Мегаком» жакшы компаниялардын бири экенин белгилеп, ишкананын башкаруу системасы эл аралык стандарттарга жооп берерин кошумчалады.

Маалым болгондой, «Мегаком» компаниясында миңден ашык адам эмгектенет. Ал эми операторлор конкурс менен тандалып алынат.

Copyright © 2017 Maral FM